«Көпчүлүк аймактарда кар жаайт». 26-январга карата аба ырайы

Эртең, 26-январда Өлкөдө түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус жылуу болот.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус суук болушу ыктымал.

Өлкөнүн түштүгүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкү абанын табы -2…+3, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкек шаарында кундуз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 1…-3, күндүз 0…-2 градуска жетет.

25 Январь 2024 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча