Калыңдыгы 35 сантиметр. Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар жаады

Балыкчы – Нарын – Торугарт автожолунун 445-544-чакырымына түндө кар жаап, анын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө.

Тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздук аралыкты так сактоого чакырабыз.

5 Июнь 2026 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча