Бүгүн, 27-декабрда Каракол шаарынын тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Турак жайы жок болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келген эне УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылган.
Кыска убакытта маселе чечилип, бардык шарттары жана эмеректери бар батирдин ачкычы, документтери жана балдарга белектер берилди.
Эльза Тюрегелдиева көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, өз колунан жасалган белек тапшырды.