Кашка-Сууда каналга агып кеткен келиндин сөөгү табылды

Кашка-Сууда каналга агып кеткен келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, келиндин сөөгүн жергиликтүү тургун байкап калган.

«Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек 20-июнда Кашка-Суу айылындагы тез агуучу каналга 1995-жылы туулган Н.Н. аттуу аял киши түшүп кеткен.

24 Июнь 2026 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча