Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Маалымдалгандай, район аймагында кубаттуулугу 1 МВт болгон, наркы 105 млн сомдук Тогуз-Булак чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда.
Президент белгилегендей, Жаңы-Талап айылындагы Куртка суусуна курулуп жаткан чакан ГЭСтин быйыл бүткөрүлүп, ишке берилет.