“Акындарыбыз камалбасын». Депутат Сурабалдиева Аскат Жетигенди эркиндикке чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева №27 абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигенди эркиндикке чыгаруу демилгесин көтөрдү. Ал парламенттин 25-июндагы жыйынында сөз сүйлөп жатып, Аскат Жетиген кармалгандан кийин сабалганы тууралуу да маалыматы бар экенин билдирди.

“Акындарыбыз камалбасын. Мүнөзү курч кыргыздар сүйлөп койсо куугунтукталбасын. Парламентте 90 депутатты сөккөн окуялар деле болду. Ал адамды деле кечирип жүрбөдүк беле. Ошондуктан ошол жигитти бошотуп берсеңиздер деп кайрылат элем”, — деди депутат.

25 Июнь 2026 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча