Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет.
Актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен таанышып, оюндун өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Бай Лин «Карга», «Кызыл бурч», «Анна жана король», «Такси 3» жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.