Казакстан тараптан чек арада акча талап кылуу болуп жатабы? Депутат маселе көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Орусиядан келе жаткан жүктөр Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда атайылап кармалып жатканын айтты.

Анын айтымында, чек арадан өтүш үчүн жүк ээлеринен 10 миң сом же 50 миң теңге талап кылынып, ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат.

«Ар бир унаадан акча берүүнү талап кылышып, 1-2 суткадан кармап жатышыптыр. Аларда рентген бар болсо дагы «жүгүңөрдү түшүрүп текшерткиле» деген талап коюлуп жатыптыр. Эгерде мындай боло турган болсо, анда бизде товарлардын баасы кымбаттап кетет»,— деди эл өкүлү.

28 Май 2026 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча