Казакстандан келе жаткан 1,7 тонна коон артка кайтарылды. Себеби



Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан «Чалдыбар» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» казакстандан келген коон артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба минитсрлигинен билдиришти.

Аталган департаменттен билдиришкендей, 1700 кг коонду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.

9 Июль 2026 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча