Кийиктерди жакындан көрүп таң калган ырчы : “Европадай эле болуп калыптырбыз”(видео)

Кыргызстандын тоолуу аймактарынын биринде ээн-эркин жайылып жүргөн кийиктерди белгилүү ырчы Турдакун Ниязалиев өз көзү менен көрүп, таң калып, социалдык тармактарга видео бөлүштү.

“Европадагыдай эле болуп калыптырбыз. Кийиктер ээн-эркин жайылып жүрөт. Өмүрүмдө биринчи жолу мынчалык жакын — 50-60 метр аралыкта көрүп жатам”, — деди ал видеодо.

Ырчы жаратылыштын мындай кооз көрүнүшүнө суктанып, жаныбарлар корголуп жатканын кубануу менен белгиледи. Социалдык тармак колдонуучулары бул видеого жылуу пикирлерин билдиришип, жаратылышты сактоо маанилүү экенин баса белгилен.

21 Апрель 2025 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча