ӨКМ кооптуу тилкелердин тизмесин жарыялады
25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайына жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт. Атап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 9-чакырымынан 441-чакырымна чейин;
- Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 28-36, 101-220-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун 64-120-чакырымдарында;
- Бишкек – Торугарт жолунун 56-134-чакырымдарында;
- Каракол – Эңилчек жолунун 8, 38, 45-97-чакырымдарында;
- Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун 57-70, 70-208-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 289-468-чакырымдарында;
- Арал – Миң-Куш жолунун 1-7, 17-36-чакырымдарында;
- Нарын – Баетов жолунун 97-98, 100-105-чакырымдарында;
- Ак-Тал – Казарман жолунун 2, 5, 67-94 чакырымдарында;
- Кочкор – Арал – Төө-Ашуу 107, 146-156 чакырымдарында;
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунун 326-349 чакырымдарында;
- Ош – Раззаков жолунун 78-354-чакырымдарында;
- Раззаков – Андарак – Көк-Таш жолунун 0-19, 25-27,3-чакырымдарында;
- Кайрагач – Кулунду – Арка жолунун 5-7-чакырымдарында;
- Барпы – Ийри-Суу – Өзгөн жолунун 14-16-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 10-чакырымынан 240-чакырымдар аралыгында;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык жолунун 7-133-чакырымдарында;
- Гүлчө – Кызыл – Суу жолунун 8-11, 12-17-чакырымдарында;
- Культцентр – Чөгөм – Загара жолунун 3-6, 11-14-чакырымдарында;
- Культцентр – Кичик — Алай жолунун 2-15-чакырымдарында;
- Ак-Терек – Папан – Кожо-Келен жолунун 37-60-чакырымдарында;
- Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 13-28-чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 30-37, 41-60 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт жолунун 40-125-чакырымдарында;
- Дароот-Коргон – Чак – Жаш-Тилек жолунун 0-3, 1-2-чакырымдарында.
ӨКМ жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.
25 Март 2026 жыл 10:33