ӨКМ кызматкерлери темирге кыпчылып калган жаранга жардам беришти

Бишкекте куткаруучулар темирге буту кыпчылып калган жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь районунун Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын жанында суу өтүүчү арыкка коюлган темир торго Ш. В. аттуу эркек кишинин буту кирип, кыпчылып калгандыгы тууралуу 112 номерине кабарланган.

Ага ылайык, жерине саат 13:18 чамасында ӨКМдин Бишкек шардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, ыкчам түрдө атайы шаймандын жардамы менен темирден бутун чыгарышкан.

Куткаруучулар 69 жаштагы жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

25 Январь 2024 жыл 17:18

Тема боюнча