«Кумтөрдүн» 2021-жылдан берки кирешеси 3,4 млрд доллардан ашты 

Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 млрд 445 млн долларды түздү, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн ишканада алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштап берүү аземинде.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 млн доллар төлөндү.

«Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү. Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде дивиденд түрүндө Кыргызстан болгону 100 млн доллар алган. Ал эми акыркы 3 жылда 441 млн доллар дивиденд алынды»,-деди президент.

27 Август 2025 жыл 13:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча