
Кыргызстанда 2025-жылдагы Курман айт майрамы 6-июнда (жума күнү) белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кыргызстанда бул майрам эс алуу күнү болуп эсептелет.
Муфтияттын маалыматына караганда, 5-июнь бейшемби күнү арапа.
Эске салсак, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 16-июнда майрамдалган.