Кыргыз алфавити өзгөртүлөбү? Орунбеков жооп берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча сунушталган долбоор, “Э” жана “Е” тамгаларынын колдонулушу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал 2-июлда Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары жеке сунушун коомдук талкууга чыгарганын кошумчалады.

“Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!”, — деди Орунбеков.

2 Июль 2026 жыл 13:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча