Бүгүн, 15-апрелдеги Кыргыз футбол биримдигинин жыйынында Камчыбек Ташиев уюмдун президенттигинен кетти.
Ташиевге отурумда уюм тарабынан белек тапшырылып, аны узатышты. Учурда жыйын уланууда. Алдыда жаңы президенттин шайлоо маселеси каралат.
Камчыбек Ташиев бүгүнкү жыйында отчёт берип, уюмдун президенти катар өз миссиясын аткарганын белгиледи.
«Менин төрагалыктан кетейин деген оюм бар. Мурда төрага болоюн деп арыз жаздым эле, ошону кайра кайтарып алып жатам. Мен өзүмдүн миссиямды аткарып бүттүм»,- деди Ташиев.
Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы