Өлкө аймагында бир күн ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылган.
Алар: Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 4, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 2.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.