Кыргызстанда бир суткада 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 365 төрөт катталып, анын ичинен төртөө эгиз төрөт болду. Тактап айтканда:
Жалал-Абад областтык бириккен клиникалык ооруканасында – 2 эгиз,
Бишкек шаардык перинаталдык борбордо – 1 эгиз,
Ош шаардык төрөт үйүндө – 1 эгиз төрөт кабыл алынды.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2026-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин республика боюнча жалпысынан 367 бала төрөлдү. Анын ичинен 177си эркек бала, 190у кыз бала. Ошондой эле 9 кесарево операциясы жүргүзүлдү.

Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы Ысык-Ата Жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлдү — салмагы 3 кг 915 г болгон кыз бала.

2026-жылдын 1-январы саат 00:00дөн 00:10го чейинки аралыкта жалпы 11 бала жарык дүйнөгө келди (5 кыз, 6 уул).

Эң көп төрөт Жалал-Абад областында катталып, 81 төрөт кабыл алынды. Ош шаарында жана Ош областында – 68, Бишкек шаарында – 69 төрөт болду.

1 Январь 2026 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча