Эмчек безинин рагы (ЭБР) – Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү аялдар үчүн башкы онкологиялык коркунуч. Жыл сайын республикада оорулардын 400гө жакын жаңы учурлары катталууда жана диагноз коюлгандан кийин дээрлик ар бир алтынчы аял (16,7%) биринчи жылдын ичинде көз жумат. Мындай кайгылуу окуянын башкы себеби – оорунун кеч аныкталышы: 46,6% күчөп кеткен рак учурлары (III жана IV стадиясында) аныкталган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММКФ) билдиришти.
Эмчек безин кандайча текшерип туруу зарыл?
КР ССМнын клиникалык протоколуна ылайык 18 жаштан тартып бардык аялдар адистер тарабынан эмчегин үзгүлтүксүз кароодон өткөрүүсү зарыл:
ЭБРнын кандай кооптуу белгилери бар?
Ар бир аял үзгүлтүксүз өз алдынча текшерүү жүргүзүп, төмөнкүдөй белгилер аныкталса, дароо дарыгерге кайрылуусу маанилүү:
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча текшерүүлөрдүн кандай түрлөрү жүргүзүлүп жатат:
Эгерде сиз камсыздандырылган болсоңуз, катталган жериңиз боюнча кайрылсаңыз, медициналык жардам этап-этабы менен көрсөтүлөт:
Төмөнкүлөрдү эске алуу маанилүү: Дарылоонун ийгилиги дарыгерлердин жана аялдардын өздөрүнүн биргелешкен аракеттеринен көз каранды. Кабыл алууда дарыгер сизге бейтапканага пландуу кайрылуулардын ортосунда үй шартында эмчекти кантип туура кармалап текшерүү керектигин сөзсүз көрсөтүп берет..
PS: маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын амбулатордук деңгээлинде эмчек безинин рагына шектелген аялдарды клиникалык баалоо жана жүргүзүү” аттуу клиникалык протоколаунан алынган.