2025-жылдын декабрь айына карата чет өлкөлөрдө 798 400 кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу брифингде билдирди.
Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү Россияда — болжол менен 341 094 адам, бул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 37 миңге аз.
«Ошол эле учурда АКШда 60 миң, Европада менен Кореяда 12 миңден, Германияда 15 миң жана Бириккен Араб Эмираттарында 6 миң кыргызстандык бар. Чет өлкөгө чыгуунун негизги максаттары болуп билим алуу, эмгек ишмердүүлүгү, туризм, бизнес жана медициналык кызматтарды алуу саналат», — деди ал.