Кыргызстанга Эгемендүүлүк күнүнө карата космостон өзгөчө куттуктоо келди (Видео)

“Роскосмос” мамлекеттик корпорациясынын космонавттары Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата космостон өзгөчө куттуктоо жолдошту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анын айтымында, алар президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин улуттук майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, кыргыз элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана жаңы ийгиликтерди каалашты.

«Космонавттардын билдирүүсүндө, Кыргызстан акыркы жылдары тездик менен өнүгүп, экономикасын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн кадыр-баркын жогорулатып келе жатканы белгиленди», -деп жазды Орунбеков.

31 Август 2025 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча