Суучул Владислав Шулико Киров суу сактагычын сүзүп өттү

UIM F1H2O World Championship – Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 дүйнө чемпионатына даярдык көрүү жана дүйнө чемпионатынын желегинин республикалык эстафетасын өткөрүүнүн алкагында белгилүү суучул Владислав Шулико жетектеген расмий делегация Талас облусуна келди.

Алгач экологиялык акция өткөрүлүп, иш-чаранын катышуучулары Киров суу сактагычтын жээгин тазалоо иштерине активдүү катышышты. Аталган акция жаратылышты коргоо, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо идеясын жайылтууга багытталды.

Андан соң белгилүү суучул Владислав Шулико Киров суу сактагычын сүзүп өтүп, өзүнүн жогорку спорттук даярдыгын жана чеберчилигин көрсөттү. Спортчунун коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтар тарабынан кайык менен коштоо уюштурулуп, медициналык көзөмөл жүргүзүлүп, бардык зарыл коопсуздук чаралары көрүлдү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунда UIM F1H2O World Championship – Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 дүйнө чемпионаты өтөт. Кыргыз Республикасы аталган чемпионаттын этаптарынын бирин өткөрүү укугуна ээ болуп, учурда мелдешке даярдык көрүү иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Талас облусунда өткөрүлгөн иш-чара спортту өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаратылышты коргоо маданиятын бекемдөөгө багытталган маанилүү демилгелердин бири катары өзгөчөлөндү.

25 Июнь 2026 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча