Бостериде мыйзам бузуулардан улам эс алуу жайынын курулушу токтотулду

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Даймонд Резорт» комплексинин коттедждеринин жана апарт-отелдеринин курулушу убактылуу токтотулду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Эмма Курулуш” ЖЧКсы тарабынан курулуш ченемдери, техникалык регламенттер жана мыйзам талаптары толук сакталбаганы аныкталган.

«Мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди», — деп айтылат маалыматта.

Курулуш объектиси толугу менен мыйзамдык талаптарга ылайык келтирилмейинче, андагы бардык иштер убактылуу токтотулду. Мамлекеттик орган бардык курулуш компанияларын талаптарды так сактоого чакырат.

24 Июнь 2026 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча