Венесуэлада катуу жер титирөө катталды

Венесуэлада күчү 7,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Бийлик өкүлдөрү Пуэрто-Рико жана Виргин аралдары үчүн цунами коркунучун жарыялашты.

АКШнын Геологиялык кызматынын билдирүүсүндө, Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 10 миңден 100 миң кишиге чейин жетиши мүмкүн. Курмандыктардын так саны азырынча белгисиз.

Бул табигый кырсыктан келтирилген экономикалык зыян өлкөнүн ИДПсынын 2 пайызынан 20 пайызына чейинки көлөмдү түзүшү мүмкүн экени белгиленүүдө. Өлкөнүн ыйгарым укуктуу президенти Делси Родригес Венесуэлада өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.

Каракастын эл аралык аэропорту имараттын жабыркаганына байланыштуу жабылганын Reuters кабарлайт.

Ошондой эле жер титирөөдөн кийин өлкөдө интернеттин иштеши начарлаганын NetBlocks эл аралык мониторинг кызматы билдирди. Жер титирөө энергетикалык жана телекоммуникациялык инфраструктуранын ишине терс таасирин тийгизгени айтылууда.

Өлкөнүн ички иштер министри Диосдадо Кабельо жердин кайрадан силкинүү коркунучу бар экендигин эскертип, тургундарды көчөдө калууга чакырды.

25 Июнь 2026 жыл 9:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча