Кыргызстанда 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн жана күйүүчү майдын башка түрлөрүнүн зарыл болгон запасы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Энергетика министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 3 миллион 408,6 миң тонна көмүр даярдоо каралган.
Анын ичинен:
Бишкек жылуулук электр борбору үчүн импорттук да, ошондой эле ата мекендик жогорку калориялуу көмүрдү да пайдалануу каралган. Бул анын жылытуу сезонунда туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, республика боюнча 45,5 миң тонна меш мазутун даярдоо пландалууда. Анын негизги көлөмү Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук берүү объекттерине, ошондой эле муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга багытталат.