Бүгүн, 21-майда, Талас облусунан уюштурулган төрт атчан жигит Кытайдан ат минип Кыргызстанды көздөй сапар тартып келе жаткан эки кыргыз кызын “Торугарт” чек ара бекетинен тосуп алууга жолго чыгышты.
Аларды узатуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев катышып, Талас шаарынын борбордук аянтынан сый-урмат менен узатты.
Эске салсак, Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан белгилүү блогер кыргыз кызы Ризаа сиңдиси менен бирге келе жатат. Аларды Кытайдагы кыргыз айылдары өзгөчө шаан-шөкөт менен тосуп алып, урмат-сый менен узатып жатышат.
Белгилей кетсек, алар Кытайдын Кызыл-Суу автоном облусунан жолго чыгышкан. Жалпысынан 4 миң чакырымдан ашык аралыкты басып өтүшөт. Учурда Кыргызстанга жакындап калышты жана сапарынын соңун Талас облусунда жыйынтыкташат.