Өлкөдө бир суткада экинчи жер титирөө катталды

Ош облусунда сейсмикалык активдүүлүк катталды. Жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 11:36да болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.

Адистердин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоолорунда — Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 18 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты көздөй болжол менен 125 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер астындагы силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жакын болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, калктуу конуштарда жер титирөө сезилген жок.

27 Апрель 2026 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча