5-апрелде өлкө аймагында эки ирет жер титиреген. Бул тууралуу илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 4 баллдык жер титирөө саат 08:21де катталган. Институттун алдын ала маалыматтары боюнча жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, Нарын шаарынан 210 жана Каракол шаарынан түштүк-чынышты карай 252 чакырым аралыкта болгон. Калктуу конуштарга анчейин билинген эмес.
Ошондой эле экинчи зилзала 19:24тө катталып, магнитудасы 5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, өлкө боюнча төмөндөгүдөй аралыктарда катталган:
Иркештам айылынан — 47;
Нура айылынан — 49;
Икизяк айылынан — 55;
Ош шаарынан — 175 чакырым түштүк-чыгышта болгон. Иркештам, Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллды түзгөн.