Мамкурулуш агенттиги курулуш объекттердин электрондук реестрин ишке киргизди

Калк арасында резонанс жараткан өтө курч маселелердин бири болуп, курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдөн жеке турак-жай сатып алуу маселеси саналат.

Буга байланыштуу, сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлк жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттигинин ишин жакшыртуу максатында, мекеме тарабынан Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди.

Колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат. Мындан тышкары, курулуштун мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү портал менен интеграцияланган.

Колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн бул портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган

26 Январь 2024 жыл 17:29

Тема боюнча