Учурда Мекке шаарында 6 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык зыярат (кичи ажылык) кылып жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийинин орун басары Жолдошбек Абдылдаев Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, каттоодон өткөн 46 фирма жана ал жактагы өкүлдөр аркылуу жарандар боюнча маалымат алынып жатат.
«Меккеде учурда абал тынч. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу аба каттамдары токтоп турат. Айрым мамлекеттер сүйлөшүү жолу аркылуу жарандарын алып чыгып кетип жатышыптыр. Ал эми Дубай аркылуу кайтып келе турган бардык каттамдар учурда токтотулган. Коңшу мамлекеттер фирмалар менен келишим түзүүдө өзгөчө кырдаал жаралса, жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын камсыздандыруу аманаттарын карашкан экен. Биз быйыл бул ишти биринчи жолу уюштуруп жаткандыктан, келишимде жарандарды кайра алып келүүнү фирмалардын өздөрүнө милдеттендиргенбиз», — деп түшүндүрдү Абдылдаев.
Ошондой эле ал учурдагы абалга байланыштуу кичи ажылыкка барууну пландагандарга зыяратты башка убакка жылдырып туруу сунушталганын айтты.
«Ал жакта жүргөн жарандарыбызга дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтыкты сактоону, фирмалардын жана ажы башчылардын айткандарын угуп, ошолордун тартибинде иш алып барууну сунуштадык», — деп баса белгиледи муфтийдин орун басары.