Мындан ары окуу жылы 15-сентябрда башталабы? Бул суроого агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
«Бир жылдан кийин биз мунун жыйынтыктарын карап чыгабыз. Экологиялык, медициналык, айыл чарба жана башка кызматтар климаттык жана экономикалык натыйжалуулукту эске алуу менен өз корутундуларын беришет. Мына ошол жыйынтыктардын негизинде бул тажрыйбаны улантуу же токтотуу боюнча чечим кабыл алынат», — деди Кендирбаева.
Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.