Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло байгени багындырды

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Нурзат Нуртаева Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы күрөшүн 1/8 финалдан баштап, Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку байге ээси казакстандык Жамиля Бакбергенованы упайдын сапаты боюнча 3:3 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Нурзат Нуртаева америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда Европа чемпиону украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.

Ал эми үчүнчү орун үчүн чечүүчү кармашта кыргызстандык балбан Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси, франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.

19 Сентябрь 2025 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча