Орусияда көзөмөл реестрине кирген кыргызстандыктар 128 миңге жетти. Арасында балдар бар

Кыргызстандын 800 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын ичинен 341 миң кыргызстандык Орусияда, 70 миңи Казакстанда 60 миңи АКШда , 40 миңдейи Түркияда жашап, иштейт.

Дарманкул уулу миграциялык талаптары татаалдашкан сайын Орусиядагы кыргызстандыктарды саны азайып жатканын белгиледи. Бул өлкөдө 91 миң кыргыз жараны “кара тизмеге” кирген жана көзөмөл реестрине катталган мекендештердин саны 128 миңге жеткенин тактады.

Реестрде тургандардын 30 миңи балдар. Министрлик Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы миграциялык кызматтын жетекчилиги менен жолугуп, бул көйгөйлөрдү талкуулаганын билдирди.

18 Декабрь 2025 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча