15-июлда Бишкекте Ленин РИИБдин кызматкерлери Бейшеналиева көчөсүндө мыйзамсыз иштеп жаткан оюн-зоок жайлары жана дүкөндөр жайгашкан 9 объектини жапты.
Аймакта Ленин акимчилигинин жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) кызматкерлери иш алып барууда.
МСЭКБнын өкүлү билдиргендей, документтер боюнча аталган жерлер турак жай катары катталган жана соода кылууга же кафе кызматын көрсөтүүгө уруксат берген юридикалык документтери жок. Ошондой эле ал жерде санитардык бузуулар болгону да аныкталган.
Ленин РИИБдин башчысынын орун басары Эркин Тыналиевдин айтымында, бул жерлерге жарандар чогулуп, спирт ичимдиктерин ичишип, коомдук тартипти бузушат. Ал мындай эреже бузуулар кээде кылмыш менен аяктап каларын белгиледи.
«Буга чейин мекемелердин жана дүкөндөрдүн ээлерине бир жуманын ичинде бардык буюмдарын, азык-түлүктөрүн алып кетүү боюнча эскертүүлөр берилген. Бүгүн бул жайлар мөөр менен бекилди. Эгерде алар мөөрдү сыйрып, кайра иштешсе, бул үйлөрдүн электр жарыгы өчүрүлүп, кулпулары ширетилери эскертилди», — деди Тыналиев.