Ош мэринин кезектеги таңкы рейди бүгүн дагы уланды

Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейддик кыдыруусун Мамыров көчөсүндө улантты. 

Аталган көчөдө жолду кеңейтүү максатында ген планга ылайык келип калган турак үйлөрдү жана курулуштарды алып салуу иштерин тез арада бүткөрүүнү, ошондой эле Садырбаев көчөсүндөгү муниципалдык автоунаа ишканасына берилген жайды оңдоп түзөп, жаңы имаратка көчүрүүнү тапшырды. 

Андан ары мэр тарабынан Мамыров көчөсүн оңдоп түзөө иштеринин жүрүшүн тездетүү, жол четиндеги имараттардын сырткы көрүнүшүн бирдей талапка келтирүү жана Кайырма каналынын корук аймагын сактоо менен жээгиндеги курулуштарды иретке келтирүү талабы коюлду.

4 Июнь 2025 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча