Ош облусунда көмүр казуу жана сатуу менен алектенген ишкерлерди бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөөгө жана сапаттуу отунду үзгүлтүксүз жеткирип турууну камсыз кылууга чакырышты. Мындай тапшырмаларды президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 2026—2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынында берди.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлагандай, жетекчилерге мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле жылытуу казандарын текшерип, оңдоо тапшырылды.
Райондордо жана шаарларда калк үчүн ыңгайлуу көмүр сатуу базаларын уюштуруп, бааларды көзөмөлдөө керектиги белгиленди. Тургундар арасында аба ырайы жана баалар мүмкүндүк берип турганда отунду алдын ала камдап алууга чакырган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Аманкан Кенжебаев даярдыкты белгиленген мөөнөттө аяктоо жана отундун тартыштыгына жол бербөө керектигин баса белгиледи. Тапшырмалардын аткарылышы туруктуу көзөмөлдө болот.