Бүгүн Ош шаарынын Э.Алиев көчөсүндөгү Хохлова көрүстөнүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын 6 түрү боюнча 1300гө жакын көчөт отургузулду.
Бул иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана шаар аймагындагы жашыл тилкелерди көбөйтүү максатында ишке ашырылып жатат.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.
Калаа башчысы Ошто жашыл аймак жетишсиз экендигин белгилеп, алдыда шаарды жашылдандыруу иштерине өзгөчө басым жасаларын билдирди.
Ал эми министр өлкө башчысынын демилгеси менен «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 2026-жылы Кыргызстан боюнча 9 млн бак отургузуу каралгандыгын айтып, Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан демилгелүү иштерди колдоду.