Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында дарыгерлер ишемиялык инсультка кабылган дагы бир бейтапты сактап калышты.
Оорукананын маалыматына караганда, бул ангионеврология бөлүмүнүн медиктери жыл башынан бери тромболитикалык терапияны ийгиликтүү колдонгон төртүнчү учур.
Өз убагында коюлган диагноздун, бөлүмдүн дарыгерлеринин ыкчам жана биргелешкен аракеттеринин аркасында дарылоо «терапевтиктик терезе» убактысынын ичинде башталып, бул кан агымын калыбына келтирүүгө жана оор кесепеттердин пайда болуу коркунучун кыйла азайтууга мүмкүндүк берди.
«Инсульттун алгачкы белгилери байкалганда медициналык жардамга өз убагында кайрылуу – ийгиликтүү дарылоонун жана калыбына келүүдүн кепилдиги», – деп айтылат маалыматта.
