Ошто түнкү суукта унаада 5 жашар кыз жалгыз калган

Ошто түнкү суукта унаада жалгыз калган 5 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 03:20 чамасында Ош эл аралык аэропортунун аймагында кызмат өтөп жүргөн Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери унаа токтотуучу жайда унаанын ичинде жалгыз уктап жаткан кичинекей кызды байкашкан.

Белгилүү болгондой, ал учурда унаанын эшиги жабык болгон. Милиция кызматкерлери унаанын эшигин сындырып, кызды алып чыгышкан.

Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, 5 жашар кыз унаанын ичинде 4 сааттай уктаган.

24 Декабрь 2025 жыл 17:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча