Президент Садыр Жапаров Ош шаарында “Асман Резиденс — 1” турак жай комплексин ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс 1” турак жай комплексин жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы комплексти ачты.

Мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын үйлүү болушу менен куттуктап, эки ай мурда облустун райондорунун жашоочулары менен жолугушууларда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин бири үй-жай маселеси болгонун эске салды.

Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде бардык аймактарда өтүп жаткан жергиликтүү жетекчилердин эл менен жолугушууларында үйгө муктаж жарандарыбыз дагы дал ушул маселени көтөрүп жатышкандыгын белгиледи.

“Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – бул үйгө муктаж жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу деп айтып келебиз.

Айткан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып, өлкөбүздө турак жай куруу мурда болуп көрбөгөндөй темп менен жүрүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр”, — деди президент жана мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу өлкөбүздүн бардык аймактарында 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы учурда Ош облусу боюнча 2044 батирлүү 3 турак жай комплекси курулуп жатканын баса белгиледи. Ош шаарында 5518 батирлүү 4 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде мынакей “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси бар.

Бул комплекс 8 блоктон турган, 12 кабаттуу заманбап турак үй болуп саналат. Жалпы 543 батирден турат. Жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктуралар каралган. Комплекс заманбап архитектуралык стилде иштелип чыккан, короо аймагы көрктөндүрүлүп, күзөт тутуму менен камсыздалган.

Садыр Жапаров баштапкы планга ылайык комплекстин куруп бүтүү мөөнөтү ушул жылдын 4-кварталы деп белгиленгенин айтты. Бирок адистердин биргелешкен ишинин аркасында объект белгиленген мөөнөттөн мурда курулду. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, куруучуларга, инженерлерге жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жамаатына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент “Асман Резиденс — 1” турак жай комплекси менен бирге Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында көп кабаттуу 5 үйдү онлайн ачты. Биринчи этабында 225 батир тапшырылды, 2-этап менен жыл соңуна чейин дагы 225 батир курулуп бүтүп, ээлерине берилет.

Ошондой эле мамлекет башчысы курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганына өзгөчө көңүл бурду.

8 Июнь 2026 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча