Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында автоунаалардын жана эндуро мотоциклдеринин жайыттарды тепселеп, жашыл аймактарды бузуп жатканына байланыштуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышка зыян келтирген айдоочуларга карата 17 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 93 500 сом айып пул салынды. Ошондой эле жашыл аймактарга мыйзамсыз киргизилген автоунаалар чыгарылып, айдоочуларга жайыттарды жана табиятты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө токтомунун аткарылышынын алкагында, ошондой эле жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулду. Учурда мындай рейддер өлкө аймагында туруктуу негизде өткөрүлүп жатат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эндуро жана башка транспорт каражаттарынын башаламан кыймылы жайыттын кыртышын бузуп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө олуттуу зыян келтиреерин билдирет. Ошондуктан жаратылыш аймактарында белгиленген эрежелерди сактоо ар бир жарандын милдети болуп саналат.
