Садык Шер-Нияз: “Маданияттын адамы чоң муштум болбош керек”

“Маданияттын адамы чоң муштум болбош керек”. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз билдирүү жазды.

“Театрдын ичинен чыккан ызы-чуу эки күндөн бери мени да түйшөлттү. Маданияттын адамы чоң муштум болбош керек. Бул уят иш. Ызы-чууга аралаш ичтеги ызасы же кеги барлар ага кошула бул ишти “пайдаланганы” жана баарын “ала жатыш” керек деп козуткандар да жок эмес. Бул ыпылас багытка айланып кетиши мүмкүн. Саясатта бул кадимки көрүнүш, бирок биз сыйлап карманган ыйык нерселер болуш керек, антпесе коом астын үстүн болуп жатып калабыз. Күнөөлүлөр айыбын көтөрсүн (мен билгенден бир тарап эле күнөөлүү), жазасын алсын. Мыйзам алдында андан да жогору салт алдында. Чууну чубата бериштин кажети канчалык маанилүү жана ал ызы-чуудан ким утат? Комиссия тузулүптүр, укук коргоо органдары кабардар болушту. Абалды кызытуунун эч кимге кереги жок. Кыргызга андан бетер”,-деп билдирүү жазды Садык Шер-Нияз.

12 Декабрь 2025 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча