Ар бир стипендиат өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, өлкөсүнө кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүртө билген жаңы муундун өкүлү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес. Ал окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү болуп саналат.
“Бул залда отурган ар бир стипендиатты өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, өлкөсүнө кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүртө билген, жаңы муундун өкүлү деп билем. Силердин бүгүнкү ийгилигиңер — профессордук-окутуучулар курамынын мээнетинин, ата-энелердин ар тараптуу колдоосунун жана өзүңөрдүн билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү.
Бүгүн силерди президенттик стипендияга ээ болушуңар менен куттуктоо буга чейинки жетишкендигиңерди баалоо гана эмес, келечекте өлкөгө керектүү кесипкөй адис болуп чыгууга чакырык деп айтаар элем. Кесипкөйлүк мээнетсиз, өзү эле келе бербейт, аны сабыр, тынымсыз эмгек, максатка берилгендик гана жаратат”, — деди өлкө башчысы.