
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты.
Мамлекет башчы мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду.