
Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борборду ачты. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, борбордун курулушу Министрлер кабинетинин жана тиешелүү министрликтин Германия өнүктүрүү банкы менен “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасы болуп саналат.
Президент өз сөзүндө Германиянын элчилигине жана Германия өнүктүрүү банкына тыгыз кызматташтыгы жана тынымсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
«Перинаталдык борбордун ачылышы — энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуунун негизинде курулган борбор кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүчү жогорку технологиялуу мекеме болуп саналат«, — деп жазылат анда.
Ага ылайык, өлкө башчы азык-түлүк коопсуздугу, суу менен камсыздоо, санитария, климаттын өзгөрүшү жана теңсиздик менен күрөшүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Германия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле перинаталдык борбор балдардын өлүмүн азайтуу менен энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калаарына үмүт арткан.
«Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталары жана башка медициналык кызматтар эске алынган«, — деп жазылат маалыматта.
Бул борбор бейтаптарды ушул жылдын февраль айынан тарта кабыл ала баштары айтылат.