Садыр Жапаров УТРКны бийликти эле мактабай, эркин болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров УТРКны бийликти эле мактабай, эркин болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы күн мурун УТРКга барганда айтты.

«Эң башкысы эркин телеканал болгула. Бийликти мактап эле отура берүүгө болбойт. Аймактардагы, министрликтердеги көйгөйлөрдү чагылдыргыла. Ал көйгөйлөр боюнча материалдарды даярдагыла. Эч нерсени жашырууга болбойт. Эч ким силерге тоскоол болбойт”, – деди ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кечээ, 8-декабрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барган.

Мамлекет башчысы УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, түз эфир жана үн жаздыруу студияларын, ошондой эле классикалык обондорду жаздыруу үчүн залды көрүп чыгып, анда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин аткаруусундагы чыгарманы укту.

9 Декабрь 2025 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча