“Садыр Жапаровдун чачын алып жүрөм” деп таксистти коркуткан жаран кармалды (Видео)

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Instagram социалдык тармагында «asanov_live» деген аталыштагы аккаунт аныкталган. 

Аталган баракчага өлкөнүн жогорку жетекчилигинин дарегине агрессивдүү жана басмырлаган түрдө, этикалык нормаларды одоно бузуу менен сүйлөгөн белгисиз жарандын видеосу жайгаштырылган.

 Бул видеоматериал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуунун белгилери бар экендиги боюнча каралууда.

 Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, видеодо тартылган адам 1985-жылы туулган А.Т.Т.  экендиги аныкталды. Ал кармалып, Бишкек  ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Мындан тышкары, жаран А.Т.Т.  Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан издөөгө алынып жаткандыгы аныкталган

27 Июнь 2025 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча