Сак болуңуз! ӨКМ сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 19-майдан 23-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарында аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга жана коопсуздук чараларын алдын ала көрүүгө чакырат.

18 Май 2026 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча