Сел коркунучу бар. 7-майга күтүлгөн аба ырайы

7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 28…30° болот.

6 Май 2026 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча