ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙ ӨРӨӨНҮНДӨ КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛАТ

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат.
Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

12 Декабрь 2025 жыл 10:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча